Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү айланып чыгуу үчүн велосипед менен жолго чыкты.
Ал 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жөнөп кетти. Санаалаштары ага жакшы каалоо-тилектерин, аман-эсен кайтып келүүсүн айтып узатышты.
Таштан Иманов көлдү ден-соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында айланып өтөөрүн айтат. Ал буга чейин “Кама” үлгүсүндөгү велосипеди менен Тоң районундагы Туз көлгө 8 саатта барып келген.
Бул окуя көңүлүнө шыкак берип, көлдү айланып чыгуу оюн пайда кылган. Атайын сатып алган ылдам жүрүүчү велосипеди менен Ысык-Көлдү үч күндө айланып чыгууну көздөп жатканын, жолдо катар жаштарды спорт менен машыгып, ден соолукту бекемдөөгө чакырык жасаарын билдирди.
Ал эмдиги жылы велосипед менен ажылык сапарга барууну дагы ниет кылууда.
Таштан Иманов учурда ардактуу эс алуудагы пенсионер. Мурда темир устачылык менен алектенчү. Башкы максат элден өзгөчөлөнүп, мактануу эместигин, жөн гана жер кыдырып, аймактагылардын жашоо-тиричилигин көрүп, жаштардын туура багытка бурулушуна себепкер болуу экендигине токтолду. Ал жанына бардык керектүү шаймандарды, дары-дармектерди, дем-күч берүүчү зам-зам суусун жана курма алып алганын белгиледи.