7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптөгү сел: Айылдарда 103 куткаруучу иштешүүдө

616

Табигый кырсык Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын  Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак,  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштешүүдө. Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган.

Таң эрте куткаруучулар 5 топко болунуп башкармалыктын башчысы полковник М. Карабаев жетекчилиги менен  үймө-үй кыдырып,  чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланууда.

Мындан сырткары Каркыра айыл аймагынан 40, Түп ИИБден 20 райондук администрациясынан 5 адам чыкты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617