7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

631

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль утту.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны ирандык спортчу Амин Кавиянинежад менен кез келип, акыркы аракети менен 1:1 эсебинде жеңип кетти.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 4/1 финалдан тарта 77 кг салмак ченинде катышты. Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялык Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен беттешип, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Акжол Махмудов эки жолку Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632