7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Акжол Махмудов Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

582

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты. Аталган беттеште Махмудов норвегиялык, египеттик, өзбекстандык, япониялык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, дагы бир жолу мыктылыгын далилдеп, алтын медаль багындырды. Акжол Махмудов буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Махмудов Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583