7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бард Колледжи жана БААУ Мэйкерспэйс окуу борборун куруу иштерин баштоодо

462

Бард Колледж жана Борбор Азиядагы Америкалык университети Мэйкерспэйс окуу борборун (Makerspace Learning Center – MLC) куруу иштерин баштоодо. MLC – бул санариптик жана технологиялык эффективдүүлүктү жогорулатуу максатында изилдөөлөр жүргүзүлүп, инновациялык азыктарды жасоонун үстүндө иштер жасала турган окуу борбору. Аталган долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланууда.

Окуу борборунун өзгөчөлүгү болуп кызматташуу принциптерине таянып, коомчулуктун керектөөлөрү үчүн пайдаланылуусу эсептелет. Анын максаты – ар кандай топтордун кызматташуусу менен ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылчу атмосфераны түзүү. Мында америка жана кыргыз элинин баалуулуктарына кирген көпчүлүктү кучагын алуу, жеткиликтүүлүк жана ишкерликке таянган инновациялык ой жүгүртүү жана ишкерлик рухту пайдалануу пландаштырылган.

“Мakerspace” термини 2005-жылы “Make” басылмасынын жарыкка чыгуусу менен пайда болгон. Натыйжада калк арасында кеңири жайылган америкалык “өзүң жаса” кыймылы технологиялык жана чыгармачыл пландар менен айкалышып кеткен. “Make” басылмасынын түптөөчүсү Дейл Догетри 2010-жылы makerspace.com`ду негиздеп, азыр ал ушул күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн “makerspace” борборлорунун башын бириктирген негизги булак болуп саналат. MLC AUCA аталган кыймылдын бир бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасында “өзүң жаса” саамалыгын калыптандыруу үчүн жол баштоочу болмокчу.

Ошентип, жеке ишкерлик менен социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүү максатында MLC алкагында БААУнун студенттери менен окутуучулары гана эмес, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү да жаратуу, билим алуу процесстерине катышып, идеялары менен алмаша алышат. Мындан тышкары окуу борборунун эшиги Кыргызстандын окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, башталгыч ишкерлери жана иштеп чыгуучулары үчүн ар дайым ачык болот. Makerspace атайын жабдуулардын (3D-басып чыгаруу, лазердик кесүү, электроника, робот техникасы, тигүү жана башкалар) жардамы аркасында жаңы изилдөөлөр менен демилгелерди жүргүзүү жана иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, аларды ишке ашыруу үчүн албетте жумуш жайлары менен да камсыздайт.

Эгер сиз БААУнун Мэйкерспэйс Окуу борборунда жаңы долбоор же азыктын үстүндө иштөөнү пландаштырып жатсаңыз, анда сиз жана сиздин долбооруңуз төмөнкү талаптарга жооп берүүсү керек:
— Долбоор биргелешкен болуусу кажет: коомчулуктун колдонуучуларынын келечек пландарын камсыздоосу керек, кыз-келиндерди, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана технологияга жетүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун башка топторун да камтуусу керек.
— Катышуучулар өз билимдерин башкалар менен активдүү бөлүшүүгө жана өз кезегинде башкалардан да бир нерселерди үйрөнүүгө даяр болуусу керек.
Сиз Мейкерспейс инновациялык Окуу борбору жөнүндө дагы далай угасыз – сайтыбызды күзөтүп барыңыз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

463