7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Видео: Бишкекте 15тен ашык «вебкам студияны» иштеткендер кармалды

4387

Бишкек шаарында чоң көмүскө киреше алып келген 15тен ашык «веб-камера студияларынын» ишмердүүлүгүн уюштурган туруктуу кылмыштуу топтун уюштуруучулары колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

 Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан турган уюштуруучулар жаш кыздарга, интернет мейкиндиги аркылуу онлайн секс кызматтарын көрсөтүү үчүн чоң өлчөмдөгү кирешени сунушташкан.

Бир студиянын жумалык көмүскө кирешеси болжол менен 90-100 миң АКШ долларына жетип, анын 5-10% гана бул тармактын жумушчуларынын кызматына акы төлөөгө бөлүнгөн.

3-августта тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары жумалык эмгек акыларын бөлүштүрүү учурунда кармалды. Алардын жашаган жеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, жумушчулардын кызматына төлөнө турган 27 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү буюмдар алынды.

Тергөө тарабынан уюштуруучулар кылмыштуу кирешелерди кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө мыйзамдаштырышканы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине (Кармоонун негиздери) ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип, кылмыштын башкы уюштуруучусу «П.И.» УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары вебкамера индустриясы тездик менен күч алып, чоң өлчөмдөгү кирешеси менен жаш муунду өзүнө тартып жатат. Акыркылары шантаж, интимдик тасманы ар кандай социалдык мейкиндиктерде таркатуу коркунучу алдында кылмыш ишин уюштуруучулардын барымтасында калышат.
Акыркы жылдары болуп аткан көптөгөн кылмыштар, анын ичинде суицид, зордуктоо жана бул мыйзамсыз «өнөр» менен алектенген аял өкүлдөрүнө карата зомбулуктун муну далилдеп турат.
КР УКМК анонимдүүлүк жана коопсуздук кепилдиги алдында, көрсөтүлгөн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан мындай аракеттердин курмандыгы болуп калган адамдарды УКМКнын нөөмөт кызматына телефон 0312 66-04-75 аркылуу байланышууну суранат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4388