7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Түркмөнстанга учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?

607
 Бүгүн, 5-августта Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608