7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтайда дарыяга аккан Марселдин өлүмү. Апасынын боздогон үнүн ким угат

1003

20-июлда Алтайдагы «Катунь» дарыясында туристтер отурган кайык оодарылып, инструктор каза болгон.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгон инструктор Марсел Сталбеков Кыргызстандын жараны. Кайыкта 10 адам болсо алардын экөө инструктор болгон. Марселден башкасы аман калган. Окуянын күбөсү Наталья журналисттерге берген маегинде, компания өкүлдөрү аталган аймакта кооптуу жайлар бар экендигин эскертпегендигин айткан.

Туристтер Марселдин сууга чөгүп, өлүп жатканын көрүшкөң. Бирок, эч бири, жадакалса экинчи инструктор да жардам бере алган эмес. Балким жардам бергилери келген эмес деген да пикир бар.

Марселдин досу Николай Шаталов экинчи инструктор эмне үчүн шеригине жардам бербегенине таң калган. Окуянын күбөсү Натальянын айтуусунда экинчи инструктор туристтерди кайыкка чогултуп салган жана Марселдин да көмкөрөсүнөн калкыган денесин көргөн, бирок «бош жилет» -деп ойлодум деп, жанына бармак түгүл көңүл бурбай сапарын улантып кеткен.

Кызыгы милиция 3 саатан кийин келген. Ал эми куткаруучуларды эч ким чакырган эмес.

Марсел Сталбеков Тоолуу-Алтай Университетинен география тармагында билим алган.  18-жылдан бери профессионалдуу спорт менен машыккан инструктор болгондуктан  анын жакындары  капыстан, табийгый кырсыктан каза болду дегенге ишенбейт.

Маркумдун апасы Венера Сталбекова уулунун каза болгонун угуп, 22-июлда Алтайга учур барган. Уулу иштеген «Мастерафт» компаниясынын жетечилигине жолугуп, анын кайдыгер мамилесининен жүрөгү ооруганын журналисттерге айтып берген. Мындан улам ал уулунун бей ажал өлүмүн прокуратура текшеришин талап кылып, арыз жазган.

Компания өзүнүн кызыкчылыгы үчүң окуяны жаап коюуга ашыккан. Качан гана Венера Сатылганова Кыргызстандан барып, ызы-суу бала баштаганда расмий сайтына кабар жазган.

Арадан 10 күн өткөндөн кийин гана 30-июлда Марселдин жансыз денесин таап чыгышкан. Учурда Венера айым уулунун табытын Ата-Мекенине алып келүүнүн камын көрүп жүргөндүгү айтылат.

Окуя боюнча, «Мастерафт» компаниясынын жетечиси Константин Шмальц Марсел каза болгон жай кооптуу экендигин жана буга чейин бир нече адам каза болгондугун моюндаган. Ал ошону менен бирге Марселдин апасына каражат жагынан жардам көрсөтүлгөндүгүн айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1004