7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Барскоон – Бедел унаа жолуна 50дөн ашык көпүрө жана 2 туннель курулат

12

Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.

  • №1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр;
  • №2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр:

Ал эми көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Ушу тапта объектте 557ге жакын кызматкер бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулуш иштерин аткарышууда.

Белгилей кетсек, Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту менен байланыштырат.

13