7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык- Көлдө «Коопсуздук-2026» машыгуусу башталды

139

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу расмий башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ушундай эле машыгуулар Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда дагы өтүүдө.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев Каракол шаарындагы расмий ачылышта белгилегендей, «Коопсуздук-2026» машыгуусу аскердик башкаруу органдарын жана аймактык коргонууну даярдоонун системасында туруктуу практика болуп калды.

Салтанаттуу бөлүктөн кийин катышуучулар дароо окуунун экинчи этабына киришишти. Анын алкагында айрым аймактарда аскердик абал режимин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу, аймактык коргонуу иштерин уюштуруу, ошондой эле куралдуу кагылышууну локалдаштыруу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операцияны даярдоо каралган.

Машыгуунун планына ылайык, ага Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Ички иштер министрлининин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматлерлери, ошондой эле облустардын резервдик түзүмдөрү катышууда.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар айрым аймактарда аскердик абал киргизилген шартта абалды турукташтыруу боюнча окуу-жаңжалдык милдеттерди аткарышат, анын ичинде резервдик түзүмдөрдү практикалык чакыруу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү жана резервдик түзүмдөр тарабынан стратегиялык объекттерди кайтаруу жана коргоо, ошондой эле блок-бекеттерди уюштуруу иштери жүргүзүлөт.

Окуу 2026-жылдын 23-апрелинде жыйынтыкталат.

140