7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төкмө акындардын республикалык айтышында баш байгени ким жеңип алды?

217

27-ноябрда төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Иш-чарага Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова жана айтыш сүйүүчүлөр катышты.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150  миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо (100 миң сом), үчүнчү орун Баян Акматов татыды (80 миң сом).

Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын  45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкек шаарында өткөн.

Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине карата өткөн айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте Президентинин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштурду.

218