Бишкекте эркек киши 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу анын эжеси соц.тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, бул окуя 24-ноябрда саат 8:40та Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. Кыз мектепке бара жатканда ага киши барып, анын колдорун бурап, бадалдын арасына сүйрөй баштаган.
«Сиңдим каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Аны бадалдын арасына сүйрөп барып, жерге жыгып, аны кармалай баштаган. Ошол маалда көчөдөн адамдар өткөндө, алардан коркуп, качып кеткен»,- деп жазды.
Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. «24-ноябрда жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 09:53 чамасында Жибек Жолу менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек жээнине ыдык көрсөткөн жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүүдө»,- дешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram