7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Батир уурулугун кантип алдын алса болот?

480

Ички иштер министрлиги батир уурулугун алдын алуу үчүн бир катар пайдалуу кеңештерди сунуштады.

“Батир уурулугу  негизинен үйдү кароосуз калтырган  учурда  катталат.  Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды  бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, терезелерди ачуу” — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин кеңештери:

—    үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;

—    видеокөзөмөл орнотуңуз;

—    муляж орнотуу мүмкүн-кылмышкер камеранын туташкандыгын текшербейт;

—    эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу — түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге торлорду орнотуңуз;

—    балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоого үйрөтүңүз;

—    сырттан келгендерди турак жайга киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын өздүгүн текшериңиз, документтерди сураңыз, уюмга чалыңыз;

—    кире бериштин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек;

—    бышык эшиктерди орнотуңуз. Эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы керек, кулпулар, жок эле дегенде, эки жана ар кандай түрлүү болушу керек;

—    кире бериште толук жарык болушу керек;

—    жакшы мамиледе болгон кошуналардан батирдин эшигинин бүтүндүгүнө көңүл бурууну, керек болсо чала турган байланыш телефондорун калтырууну сурануу керек;

—    мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде батириңиздеги эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз;

—    Батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр тогуна же башка шарттуу жерлерге, айрыкча эшиктин жанына калтырбаңыз.

481