7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баш байгесине 100 миң сом. «Алтын калем» адабий сынагы жарыяланды

1082

Улуттук жазуучулар союзу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгын жарыялады. Баш байгеге 100 миң сом коюлган. (поэзия, проза, драма)

Катышуучулардын  жаш курагы чектелбейт, чыгармалыра 30-октябрдан тартып 20-ноябрга чейин кабыл алынат.  Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.

Сынактын максаты,  Кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо, кыргыз тилинде чыгарма жараткан калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24; дареги: Эркиндик бульвары 54;

Чыгармаларды (adabiyat.kg@gmail.com дарегине “Сынакка” деген белги менен) жиберүү керек.

Жиберилген чыгармалар менен бирге, катышуучунун өмүр баяны, сүрөтү болушу шарт.

Плагиаттык, уят сөздөрдү камтыган, саясий көз караштагы, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.

Уюштуруучулар жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.

Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

  • Поэзия – ырлар жана поэмалар, (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт);
  • Проза – аңгеме, повесть жана роман (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт);
  • Драматургия – пьеса, драма (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт).Сынакка сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

Текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5;

Сыйлык фонду 500 000 (беш жүз миң) сомду түзөт:

  • Эң мыкты поэзия – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);
  • Эң мыкты проза – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);
  • Эң мыкты драматургия – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл).
Vintage golden pen and ancient manuscripts

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1083