7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баш мээси чайкалган». ИИМ тергөөчүнүн өлүмү боюнча комментарий берди

1350

ИИМ Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурмановдун өлүмү боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, “102” кызматына саат 06:50дө маалымат түшүп, Бишкек шаарынын №4-шаардык ооруканасынын “Жандандыруу” бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми факт Свердлов РИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

№4-шаардык ооруканасынан берилген аныктамасына ылайык, С.Айткурмановдун баш мээси чайкалган, кашынын алды жана эки колунда сыйрылган жаракаттар, сол жак жамбашынан канталаган так табылган.

«Ооруканада С.Айткурманов эсине келбей жаткандыгына байланыштуу, окуянын жагдайлары боюнча суракка алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондой эле анын жанында өздүгүн аныктоочу документтери (айдоочулук кубөлүгү, айди карта паспорту) менен “Айфон” үлгүдөгү уюлдук аппараты бар экени аныкталган. Окуянын күбөсү анын Бишкек шаарындагы Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Нурислам” чайканасынын жанында жерде жатканыны көрүп, медициналык кызматкерлерге чалганын билдирген. Бирок дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан денесиндеги оор жаракаттардан улам эсине келбей каза болгон. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча соттук-медициналык жана тийиштүү экспертизалары дайындалып тергөө аракеттери толугу менен жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1351