7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад соту өспүрүмдү никеге туруу үчүн ала качкан жигитти коё берди

1652

Жалал-Абад шаардык сотунун 10-декабрдагы токтому менен 17 жаштагы кызды эркине койбой үйлөнүү максатында ала качкан 27 жаштагы жигит үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судясы Калыйнур Кангелдиевдин токтомуна ылайык, кызды ала качууга көмөктөшкөн досу 2022-жылдын 9-февралына чейин камакта калтырылат. Судьянын бир эле иш боюнча эки башка чечими айыпталуучулардын туугандарынын арасында нааразычылык жаратты. Алар бул багытта облустук сотко даттанышты.

«8-декабрда эртең менен саат 7:55 чамасында 3-4 бала кызды унаага күч колдонуп салып, алып качып кетишкен. Ала качуу учуру тасмага тартылып, дароо милицияга кабар берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында ала качкандар Базар-Коргон районунун 27 жаштагы тургундары болуп чыгышкан. Окуяга байланыштуу Кылмыз жаза кодексинин 172- “Никеге туруу максатында алып качуу” беренеси боюнча иш козголуп, 2 жигит кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1653