7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы курулуш башкармалыгы ири суммадагы акчаны бурмалаганы аныкталды

773

Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Кара-Буура районундагы Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды.

2018-жылы ККБ тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомго келишим түзүлгөн.

Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган. Бирок, атайын уюштурулган “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплекси” объектинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн ашыкча 6 млн 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталып, Талас районунун ККБсынын адистеринин катышуусунда тиешелүү тартипте такталып, документтештирилди.

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталып документтештирилди, бул кайра ашыкча иш аткарууну жана кошумча каражаттардын чыгымын талап кылат.

Ушул жылдын 10-декабрында Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ККБ мурдагы жетекчиси, азыркы Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси “Н.У.А.”, жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору “С.К.А.” кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774