7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдө баңгизат менен алектенгендер кармалды, арасында аялдар дагы бар

1500

ИИМ ири баңгизат каналына бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Алар Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймактарында баңгизаттарды жүгүртүү менен алектенген шектүүлөрдү колго түшүрүшкөн.

“28-октябрда Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде К.К. аттуу жарандан гашиш баңгизат каражатын көзөмөлдөп сатып алуу жүргүзүлгөн. Андан ары Каракол шаарында гашиш баңгизат каражатын сатуу учурунда буга чейин Бишкекте баңгизаттарды сатуу менен алектенген 50 жаштагы К.К., 51 жаштагы Б.Д. жана 53 жаштагы К.Т. аттуу жарандар кармалып, төрт кг ашуун гашиш баңгизат каражаты алынган. Мындан сырткары, кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандардын жашап келген Ак-Суу району, Боз-Учук айылы боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда алты кап жана бир баштык марихуана жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталып, алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизаттардын жалпы салмагы: гашиш — 4 кг ашуун, кургатылган марихуана – 32 кг ашуун, каннабис баңгизаттарды камтыган өсүмдүк (кара куурай) 500 гр жакын салмакты түзгөн. Кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандар тергөө изоляторуна киргизилген», — деп берилет маалыматта.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1501