7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайда «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоуcу өттү

817

Дубайда «EXPO 2020» КРнын Улуттук күнүнүн алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз жылдын бардык мезгилинде дүйнөнүн бардык бурчунан келген туристтерди тосуп алууга даярбыз. Бизде туризмдин бардык түрлөрү үчүн идеалдуу шарттар бар: рафтинг үчүн дарыялар, альпинисттер үчүн бийиктиги 7 миң метрден бийик тоолор жана биздин берметибиз – Ысык-Көлүбүз бар. Биздин республика 4 жыл мезгилин бир убакытта көрүүгө мүмкүн болгон өлкөлөрдүн бири деп ишенимдүү айта алам», — деди Азамат Жаманкулов.

Туристтик роуд-шоу эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана бекемдөө, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр үчүн КРнын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк алуусу жана анын жагымдуулугун баалоосу максатында өткөрүлдү.

Туристтик роуд-шоуга эки мамлекеттин туристтик уюмдарынын 50дөн ашык өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын жыйынтыгында КРнын туристтик операторлору менен Бириккен Араб Эмиратынын бир катар туроператорлору ортосунда кызматташуу жана туристтерди алмашуу боюнча келишимге кол коюлду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

818