7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 миң 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырган жок

857

Кыргызстанда 15 миң 478 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 9 миң 403 декларация 2019-жыл боюнча жана 6 миң 75 декларация 2020-жыл боюнча.

Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 декларация тапшырылган.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен (1-апрелден кийин) 1 миң 496 Бирдиктүү салык декларациясы тапшырылган. Жалпысынан ушул жылдын 13-декабрына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же алмаштырган адамдардан 2020-жыл үчүн 58 миң 437, 2019-жыл үчүн 54 миң 339 декларация түшкөн. Бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 103 миң 717 декларациясы иштелип чыгып, талдоо жүргүзүлдү. Анын ичинде 2019-жылга — 50 миң 17, 2020-жылга — 53 миң 700.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын сайтында мыйзамга ылайык, 6 миң 200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын (саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары) кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтар жарыяланган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

858