7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

535

Башкы прокуратура тарабынан  А.Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Текшерүүдө, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жоопту кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарбай, айыпкер А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 2024-жылдын 5-январында 31-мекемесинде А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына тапшырылды.

 

536