Имамидин Ташов менен Тилекмат Күреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү өнөктөштөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, УКМК Ташов жана Кудайберген уулу тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 245-беренесинде каралган “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү күндө Ташов менен Күренов тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан алардын ондогон тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү аныкталып, алар тиешелүү түрдө суракка алынып, толук көрсөтмөлөр берилген. Анын ичинде Ташовдун даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды.
Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалды, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган.
«М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон, ошондой эле, анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген. Мындан тышкары, Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алып келинип кармалды, анын негизги милдети АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары, Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган. Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып алынды», — деп берилет маалыматта.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.