7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сойкулукка көмөктөшкөн эже-сиңдилер кармалды

632

Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү катары 17 жана 19 жаштардагы бир тууган эже-сиңдилер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январда сойкулук жасоочу көмүскө жай аныкталып, уюштуруучулар кармалды.

Ыкчам кызматкерлерге Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү батирлердин биринде белгисиз кыздар сойкулук менен алектенгени боюнча маалымат келип түшкөн. Текшерүүдө бул маалыматтар тастыкталып, аталган даректе үч кыз сойкулук менен алектенип жатканы аныкталган, тиешелүү далил буюмдар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, сойкулук менен алектенген кыздардын өздүгү аныкталды. Алар Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагында туулган, Ош шаарында убактылуу жашаган, 2005-жылы туулган Т.А. жана  анын бир тууган сиңдиси 2007-жылы туулган Т. Т. аттуу бир туугандар болуп чыкты.

Ошондой эле бул кыздар менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында 1993-жылы туулган кыз дагы аталган даректе сойкулук менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, бир туугандар сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштурганы аныкталып, алар Кылмыш кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен шектүү катары кармалып, 48 саатка Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, Ош шаарында жарандарга массаж жасоочу катары өзүн тааныштырып, бирок сойкулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 2003-жылы туулган  Э. кызы Л. жана Ош шаарынын Нурматов көчөсүнүн 1990-жылы туулган тургуну кармалышып, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

633