7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокурор: Өзүм билемдик менен салынган курулуштар бузулушу керек

316

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакытбек Марипов коомдо талкуу жаратып жаткан «снос» меселесин көтөрдү.

«Бизге жарандар кайрылып жатат. Кээ бир жерлерде кызыл китеби бар үйлөр, тосмолор бузулуп, жеке менчик укугу бузулуп жатат. Кенемте да төлөнбөй эле. Чара көрүлүшү керек»,- деди депутат.

Башкы прокурор Максат Асаналиев эгер бузулуп жаткан үйлөрдүн же тосмолордун ээсинин колунда документи болсо, анда мамлекет кенемте төлөп бериши керектигин айтты. Ал эми өз билемдик менен курулган курулуштар бузулушу керектигин билдирди.

«Коомдо болуп жаткан маанилүү маселени көтөрдүңүз. Менин оюм мыйзам чегинде. Конституцияда туура жана так, «менчик кол тийгис» деп жазылып турат. Мамлекет тарабынан берилген мамлекеттик акты болсо, жаранга сөзсүз кенемте маселеси каралып, же башка мүлк берилиши керек. Бишкек жана Ош шаарларында болсо, кызыл сызыктан чыгып анан бузулуп жатат. Өзүм билемдик менен салынган курулуштар мыйзам чегинде бузулушу керек»,- деди башкы прокурор.

317