Жогорку соттун төрайымы Нургул Бакирова сот залындагы темир торду айнек менен алмаштыргысы келет. Ал мындай пикирин, бүгүн, 17-июнь Талас облустук сотунун имараты менен таанышуу учурунда билдирген. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Ибрагим Нуракунов, өздүк баракчасында жазды.
Башкы сот Бакирова, сот залдарындагы темир торлордон арылып, толук айнек тосмолорго өтүү, маданияттуулукка кадам таштоо деп эсептей.