Ошто Сулайман-Тоодо жана Навои эс алуу багында өспүрүмдөрдү тоноп жүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Ош шаарынын 8 тургуну апрель-май айларында балдарын белгисиз жарандар тоношконун айтып арыз менен кайрылышкан.
«Издөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан 3 өспүрүм кармалган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 17 жаштагы үч тургуну болгону аныкталган. Кармалган учурда жанынан далил катары буюмдар табылган. Шектүү жарандар эс алуу багында жүргөн өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун, кийимдерин тартып алып жүрүшкөн. Ош шаардык соту тарабынан өспүрүмдөрдүн баш коргоо чарасы каралып, жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси «тоноо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.