«Башы эзилип кеткен»
КҮБӨЛӨР
Токмокто унаа велосипед менен бара жаткан жаранды өлтүрө сүзүп кетти. Анын башы аз жерден үзүлүп кете жаздады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымына караганда, кечээ, 22-ноябрда саат 22:00 чамасында жол эрежесин бузган айдоочу Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Арал айылына жакын жерде велосипедчен адамды сүзүп кеткен.
“Жабырлануучунун баш сөөгү эзилген”, — деп билдирди күбөлөр.
Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлумүнөн билдиришкендей, чындыгында кечээ, 22-ноябрда саат 22:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 53-чакырымында, Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаанын башкарып бара жаткан 2001-жылы туулган айдоочу, батыштан чыгышка карай бара жатып, велосипед менен бара жаткан 35-40 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Велосипедчен жаран алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Анын баш сөөгү эки бөлүккө бөлүнүп кеткен.
“Toyota Harrier увтоунаасынын айдоочусу окуя болгон жерде эле токтоп, ал жерге тез жардам жана милиция кызматкерлерин чакырган. Учурда маркумдун өздүгү такталууда. Унаа айып пул төлөөчү короого киргизилип, иштин чогултулган материалдары райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди”,-деп билдирди Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлумүнөн.