7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башымды кес!… (Нарк куржундан)

356

Ошентип, Токсоба Төрөнү Чет Бээжинге атайы чакыртып, ТӨРӨ атыктырып, атайы салтанатта Кытайдын КЫЗЫЛ ЧОКТУУ ТОПУСУН (кытай түшүнүгүндө бийик даражаны тастыктаган мамлекеттик эн белги) кийгизели деп, тилмеч аркылуу калпагын чечүүнү өтүнгөндө, чечпей коет! Түшүнбөй калды деп кытай бийлигинин өкүлү экинчи жолу суранганда, заары жүзүнө чыгып, түктүйө түшкөн Төрө: «КАЛПАГЫМ ЭЛЕ КЕРЕК БОЛСО, БАШЫМ МЕНЕН КОШО КЕСИП АЛЫШСЫН» деп, атынын башын бурган экен.

Кийин артынан төрт ат кошкон араба менен Кызыл чок топуну ортого кондуруп жеткирип барышыптыр.

Эмне деген ЖООП!!! Уюган НАРК!!!

Кайран гана КӨК ЖАЛ кыргыз Төрөсү! Манабы! Мыктысы! Жакшысы!!

АПАМ илгери Токсоба Төрөнүн наркын алты күн бою айтса, балалык кылып ойноп кетип, укпай, эсимде алты окуясы калыптыр.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

357