Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары 20 жоокер жаракат алган. Эки аскер кызматкеринин абалы оор деп бааланууда.
Ички курам маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Белгилей кетсек, тажик тарап ок чыгарууну токтотуу келишимин бузуп, кыргыз жарандарына ок чыгарууну улантууда. Ошондой эле, чет элдик саясат талдоочулар жаңжалды тажик тарап чыгаргандыгын айтышууда.