7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бүгүн кечке чейин турукташтырабыз» Ташиевдин сүйлөшүүдөн кийинки пикири

1469

«Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз», — дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдөн кийин.

Анын айтымында, эки тараптын өкүлчүлүктөрү Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде жолугушкан.

«Биз нейтралдуу аймакта, Кызыл Бел өткөрмө бекетинде жолуктук, ал жерде УКМКнын башчысы. Согди облусунун губернатору, тажик тараптын чек ара кызматы болду. Бугун биз баардык аскерлерди кайра алып кетууну чечтиштик. Жакынкы күндөрү биз мамлекеттик чек аралардагы көйгөйлөрдү сөзсүз түрдө чечип, демаркация жана делимитация иштерин жүргүзүп, зымдарды токтоосуз орнотобуз.

Тажикстан Ворухка коридор ачып, электр энергиясын анклавга туташтырууну суранды. Бирок биз бул маселени дагы талкуулайбыз дедик. Азырынча баарын айта албайм. Биз пресс-релиз даярдайбыз. Мындан тышкары, жакынкы сааттарда Тажикстандын чек арачылары Кок-Ташка (Баткен району) жолду ачышат. Ошондой эле алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишет.

Келечекте мындай көрүнүштү кайталабоо үчүн комиссия тузулуп, анын курамына ыйгарым укуктуу окулдун орун басары, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, укмкнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана дагы бир кызмат адамы кирди, алар талкуулашат болгон көйгөйлөрдү. Ошондой эле, өрттөлгөн үйлөрдүн бардыгы мамлекеттин же тажик тараптын жардамы менен калыбына келтирилет деп убада берем.

Мен стратегиялык маанилүү жердин бир метрин да бербейм деп сөз берем. Бирок жерлерди алмаштырбаса чек аралар такталбай тургандыгын унутпаныздар», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, буга чейин ал бүгүн кечке чейин абалды турукташтыраарын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1470