7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги кырдаал боюнча акыркы сааттарга алынган маалыматтар

944

Бийлик өкүлдөрү тарабынан кече эле эки тараптуу, тынчтык келишими макулдашылганына карабай тажик тарап ок атууну али да токтото элек.  

Кыргыз айылдарындагы тургундар үйлөрүн таштап качып чыгууга мажбур болууда, бирок ага да карабай жолдон аткылап жатышкандыгын тастыктаган тасмалар байма бай таркап жатат. ( 14:00гө чейин)

УКМКнын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык «Бөрү» отрядынан 3 аскер каза болуп, 20дан ашуун жоокер октон жаракат алган.

Бул арада Кыргыз журтчулугу Баткен элине моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү акцияларын уюштурушууда.

Ош, Бишкек шаарларында жана бир нече райондордо гуманитардык жардамга азык-түлүк, кийим кече жана акчалай жардамдарды чогулткан кошуундар түзүлдү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда каалоочуларды кан борборлоруна кан тапшырууга чакырып өттү. Мындан райондордогу үй-бүлөлүк даарыгерлер борборуна барып, кан тапшыргандар болууда.

Октон жарадар болгондого медициналык жардам көрсөтүү үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев баштаган топ, бүгүн түшкө маал Баткенге жөнөп кетти.

Министр менен бирге 2 жалпы хирург, 2 анестезиолог-реаниматолог, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, бет-жаак хирургу жана травматологдор кетишкен.

Кыргыз тараптын күч түзүмдөрү даагы да сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жаткандыгын айтышууда. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түшкү саат 13:30да Тажикстандын УКМК башчысы менен сүйлөшүп, абалды толук турукташтырабыз деген пикирин кабарлады.

«Тажикстандын УКМК башчысы жана бир нече кызматкерлер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт (абалды тынчытуу боюнча). Президентибиз Садыр Нургожоевичтин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз», — деди Ташиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945