7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

871

Баткен-Боз-Адыр унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районуна караган бул жолдо “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.

Быйыл Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен-Боз-Адыр унаа жолу), жалпы 12 чакырымды асфальттоо каралган. Жумуштар июль айынын башында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары жүрүп, 700 метрдей жол жасалды.

Ошондой эле жолдун суу жеп кеткен жерлери оңдолуп, кеңейтүү иштери жүрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

872