Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга биринчилерден болуп «Кыял» улуттук көркөм кол өнөрчүлөрүнүн жардамы жетип барган. Жергиликтүү тургундар кайрымдуу жамаатка биздин сайт аркылуу ыраазычылыгын айтты.
«Кыял» Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик ишкана болуп эсептелинет.
28-апрелден 1-майга чейин созулган Баткендеги чек ара чырында тажиктердин айосуз агрессиясынан жабыркаган, үй жайынан ажыраган боордошторго жалпы жамаат биринчилерден болуп, бир күндүк айлыгын жана 50 матрац, төшөнчүлөрдү жиберген. Жардам өз маалында дарегине жетип барган.
Учурда аны колдонуп жаткан Лейлек районундагы Максат айылынын тургуну 7tv.kg сайтына кайрылып, аталган ишкананын жамаатына ыраазычылык билдирди.