7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт 3 айдын ичинде түшкөн 4 миң 168 каттын канчасын кабыл алды?

412

2021-жылдын январь-апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2393 – кат жүзүндө жана 1 775 оозеки түрдөгү жарандардын кайрылуусу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Каттар төмөнкү тараптардан келип түшкөн:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты – 205 (8,56%);
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – 129 (5,39%);
— Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы – 120 (5,01%);
— электрондук кайрылуулар – 194 (8,11%).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында жеке маселелер боюнча 938 жаран кабыл алынган, анын ичинде жетекчилик тараптан 76 жаран кабыл алынган.

2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 1329 кайрылууга, же 2,25 эсеге көп болгон.

Белгилей кетсек, кайрылуулар республиканын бардык аймактарынан келип түшкөн.

Арыз, даттануу жана сунуш-пикирлердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 966 (40,36 %) түшкөн, андан соң Чүй облусунун – 385 (16,08%), Жалал-Абадской облусунун – 157 (6,56%) жана Ош облусунун – 151 (6,31%) тургундарынан келип түшкөн.

Жарандардын кат жүзүндөгү кайрылууларынын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот:
— жеке кабылдама боюнча — 273 (11,41%);
— турак-жай маселеси — 206 (8,69%);
— социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар — 189 (7,89%);
— кадрдык маселелер, жумушка орноштуруу, эмгек талаштары жана айлык акы тууралуу — 103 (4,30%);
— Ички иштер министрлигинин маселелери — 99 (4,13%);
— саламаттык сактоо жана Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун иши боюнча маселе — 94 (3,92%);
— банк түзүмдөрүнүн, микрокредиттик компаниялардын маселеси — 89 (6,14 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министерство жана ведомстволорунда авторлор тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана көрсөтүлгөн фактыларды иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413