7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен элине курулу турган үйлөрдү Ата-Мекендик куруучулар курат

382

 Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөрдү ата мекендик жана чет өлкөлүк курулуш компаниялар курууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.

Анын айтымында, жалпы 36 үй курулат, анын ичинен 20 үйдү «IHLAS» курулуш компаниясы, 10 үйдү «MSA строй», 3 үйдү «ЭМАКОМ» курулуш компаниясы, 3 үйдү «Кут» курулуш компаниясы курат.

«Жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган 140 үйдү «Дуваташ» кыргыз-түрк компаниясы калыбына келтирүүдө, анын ичинде Баткен районунда 41 үй жана Лейлек районунда 41 үй бар»,-деди Жалилов.

Мындан тышкары, Жалилов Баткен районунда «Дордой» ассоциациясы тарабынан жаңы бала бакчанын, дагы эки районда «Ас-Сафа борбору» кувейт фонду тарабынан эки медициналык объектинин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

383