Бүгүн 10-август Бишкек шаарында коомдук тарнспортто бара жаткан жаш жигиттин абалы начарлап, жолдо каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү интернет баракчаларына жарыялаган.
Маалыматка ылайык, окуя №111- маршруттук каттамдагы кичи автобустардын биринде катталган. Жүргүнчү өзүн жаман сезип, калтырай баштаганда айдоочу унаасын Чүй проспектисинде токтоткон.
Жүргүнчүлөр баланы унаадан алып чыгып, тез жардам чакырышкан. Бирок, тез жардам 25-30 мүнөттөн кийин келип, жаш жигитти сактап калууга үлгүрбөй калган.
Ал болгону 30дар чамасында экендиги айтылат. Сүрөттөр «Кактус» басылмасынан.