ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты токтотууну сунуштады.
Жириновский бул билдирүүсүн Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жибергенине байланыштуу жасаган. Ал ошону менен бирге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштурууну талап кылып, ага өзү да катышарын айткан.
«Биз кыргызстандык мигранттардын Россиядан чыгарылышын талап кылабыз», — дейт Жириновский.
Бир катар Мамлекеттик думанын депутаттары аны колдоп орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Россияга киргизбей коюуну сунуштаган.
Эскерте кетсек, 2013-жылы Жиринский Кыргызстанда «персона нон грата» деп жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ага саясатчынын Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деген билдирүүсү себеп болгон. Жиринивский кескин, орунсуз билдирүүлөрдү жасаган саясатчы катары таанылмал.