Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан «Ошэлектр» ААКтын Баткен жана Лейлек райондорундагы зыянга учураган электр тармактары такталып, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлайт.
Баткен району боюнча:
— 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,45км,
— 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 0,6км,
— трансформатор 100кВА – 1 даана,
— трансформатор 250кВА – 1 даана жана жалпысынан 547 254 сомдук зыян тартуу болду.
Азыркы учурда «Ошэлектр» ААКтын Баткен райондук электр тармактары тарабынан түзүлгөн жумушчу топ Ак-Сай, Достук айылдарында зыянга учураган электр линияларын калыбына келтирип, аталган айылдарды электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылды.
Лейлек району боюнча:
— 10кВ аба чубалгысы узундугу – 0,5км,
— 0,4кВ аба чубалгысы узундугу – 1км,
— трансформатор 100кВА – 2 даана,
— трансформатор 160кВА – 1 даана,
— КТП шкаф – 1 даана жана жалпысынан 881 493 сомдук зыян тартуу болду.
Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында жана Интернациональный, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2, Борбордук айылдарында каргашалуу күндөрү электр тармактар талкаланып, жааган октун кесепетинен электр энергия үзгүлтүккө учураган эле. Бүгүнкү күндө Лейлек РЭТи аталган айылдардагы аба чубалгыларды куруп, трансформаторлорду кайрадан орнотуп, электр энергиясын өз нугуна түшүрдү.