Өзбекстандыктар ар бир баскан кадамы үчүн сыйакы алмай болушту. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өзбек бийлиги жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында жөө жүрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 10-майдан тартып тесттик режимде «Соғлом турмуш тарзи» электрондук платформасы иштеп баштайт.
Ага «id.egov.uz» сайты аркылуу катталган 18 жаштан жогору колдонуучулардын ар бирине 3 миң сумдан төлөнөт, бирок бул үчүн күнүнө 10 миң кадамдан көп басуу керек.
Кошумча бонустар: Электрондук капчыкка эң көп катталган жарандардын жыл мыктысы тандалып алынып, региондун же шаардын мыктыларына 300 миң, Ташкен облусу боюнча мыктыларга 500 миң жана өлкөнүн эң мыктысына 1 миллион сумдан берилет.