Баткендеги тажиктер тарабынан келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда.
3-май, түшкү 13:00гө карай, алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин, чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калкттуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.
Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.
Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.