7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облустук бириккен ооруканасынын жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү

242

23-январда Баткен облустук бириккен ооруканасынын жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Баткен облустук бириккен ооруканасынын имаратында үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменовдун, Саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору А. К. Борубековдун жана башка кызмат адамдарынын катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Облус башчысы Баткен шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн пландары тууралуу маалымат берип, саламаттык сактоо системасына өзгөчө көңүл бурду. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, андан соң Шаменов облустук оорукананын аймагын көрүп чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Кеңешменин алкагында иш-чаранын катышуучуларына өлкө жетекчилиги тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу милдети коюлгандыгы тууралуу кошумча маалыматтар айтылды. Буга байланыштуу, КРнын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде медициналык мекемелердин жетекчилерине жана кызматкерлерине мыйзамдарды бузууга жол бербөө жөнүндө катуу эскертүү берилди.

Жолугушуунун соңунда А.А.Шаменов медицина кызматкерлерин функционалдык милдеттерин ак ниет аткарууга жана калкка тийиштүү деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды, ал эми жетекчилерге туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.

 

243