7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда акча уурдоого шектелген аял кармалды

230

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы” базарында 31-январь күнү белгисиз аттуулдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын 20 жаштагы Э.Н.нын кол баштыгынын ичинен акча салынган капчыгын уурдап кетишкен. Капчыктын ичинде арыздануучунун 10 миң 500сом акчасы болгондугун билдирип милицияга кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде Кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 41 жаштагы Х.О. аттуу аял киши кармалган. Кылмышка шектүүнүн жанынан уурдалган капчык табылып, акча өз ээсине кайтарылган.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231