7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 ишкана ачылат

447

14-октябрда Баткен облусунун аймагында 25 объект ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Имараттарды ачуу аземи Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган.

Алсак, төмөнкү объекттер ишке киргизилет:

  • Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
  • Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр;
  • Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
  • Баткен шаарынын «Жеңиш» эс алуу багындагы рестпоинт;
  • Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
  • Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
  • Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
  • Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
  • Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор:
  • Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар бакчасы;
  • Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр;
  • Кадамжай шаарынын аймагындагы “Улыбка” балдар бакчасы;
  • Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
  • Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби;
  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби;
  • Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр;
  • Лейлек районунун “Саркент” жаратылыш паркындагы 3а-фрейм үйлөрү;
  • Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
  • Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
  • Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
  • Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
  • Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
  • Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр;
448