7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап каза болду

327

Ошто курулушта иштеп жаткан бала 13-кабаттан кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында келип түшкөн. Ош шаарынын Шамшиев, 1 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир адам кулап кеткени кабарланган.

Жерине барган тергөөчүлөр каза болгон адам Өзгөндүн 16 жаштагы тургуну, ОшМУнун колледжинин студенти экенин аныкташкан. Алар келишим менен таштандыны тазалоо үчүн убактылуу ишке алынган. 

Тергөө жүрүп, бардык тараптарга юридикалык баа берилери кошумчаланды.

 

328