7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды

425

УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке турак-жай куруу үчүн жергиликтүү калкка жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө айрым кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке курулушка жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин оң чечкени үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталды.

14-декабрда 6 600 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. кармалды.

Алынган далилдердин негизинде ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

426