Бүгүн, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Covid-19 илдетине каршы «Синофарм» вакцинасын кабыл алды. Бул тууралуу облус жетекчисиинин маалымат кызматы билдирди.
Абдикарим Алимбаев бүгүн облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине жыйын өткөрүп, Covid-19 илдетине каршы вакцинация алуу боюнча так жана туура маалымат жеткирүүнү тапшырды. Ошону менен бирге мекеме-ишканалардын жетекчилерин облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна баштап барып, илдетке каршы вакцинация алууну өзү баштап берди.
Бүгүнкү күндө Баткен облусуна Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө «Синофарм» вакцинасынын 40 миң дозасы келип,облус аймагындагы район шаарларга жеткирилген.Алдыда этап этабы менен илдетке каршы вакцинациянын дозасы алынып келүүсү күтүлүүдө.