13-14-июль күндөрү Афганистандын Бадахшан провинциясындагы Андемин айылдагы 347 этникалык кыргыздар «Талибандан» качып, Тажикстандын Мургаб районунун Кызыл-Работ айылы аркылуу Тажикстандын аймагына өтүштү.
Маалыматка ылайык, Тажикстанга качып киргендердин ичинен 91 адам – эркек киши, 77 адам – аял киши, калган 177 адам – жашы жете элек балдар.
Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы билдиргендей, этникалык кыргыздар чек арадан өтүп жатканда 2 ымыркай каза болгон.
Учурда качкындар Кызыл-Работ айылынын Чоштеппа жана Дуютук аймактарына жайгаштырылды.
Аларды текшерүү учурунда 3,5 килограмдан ашуун баңгизат алынган.
Бүгүнкү күндө качкындар жайгаштырылган аймак Тажикстандын чек арачыларынын көзөмөлүндө.