Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы, “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан, мамлекеттик стратегиялык мааааниге ээ болгон, “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайынын абалынан кабар алды.
Белгилей кетсек башкы суу бөлүштурүүчү жайга 28-апрелде тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, андан улам нааразычылыктар пайда болуп, куралдуу кагылышуулар мына ушул жерден тутанган.
Өкүл Көк-Терек айылында да болду. 85 жаран жашаган аталган айылда, 29-апрелде болгон окуяда, 17 үй толугу менен өрттөнгөн.
Абдикарим Алимбаев андан ары Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Облус башчысы биринчи кезекте облустагы түзүлгөн кырдаалды толук турукташтыруунун үстүндө иш алып барылаарын, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилээрин белгиледи.
Ошондой эле жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга, мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн, жараксыз абалга келген социалдык обьекттер жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталаарын билдирди.