-Саламатсызбы? 7-каналдан байланышып жатам, атым Мимоза. Баткен окуясынан кийин уулуңуз Мирлан Ниязовго үй берилген экен. Учурда аялы келип «Мага Бишкектен үй бергиле» деп жаткан маалыматтарды угуп жатабыз. Бул тууралуу өзүңүздөн тактап алалы дедик.
— Айта берет да ал
— Мирлан мырзанын экинчи аялыбы?
— Ооба
— Учурда ал үйдө өзүңүздөр эле жашап жатасыздарбы?
-Ооба, уулумдун балдары менен жашап жатабыз. Үй менин атыма берилген… Кененирээк айта кетсем. Келинибиз баламдын сөөгүн жерге койгондон кийин эле, 3 сааттан кийин администрациядан берилген 100 миң сом акчаны алып, качып кеткен. Быйыл үчүнчү жыл болуп жатат, жүзүн көрө элекмин. Апасынын унаасына салып алып, качып кеткендиги боюнча акт бар. Эл, айыл башчылар бары күбө болгон. Кыркы чыкканда демөөрчүлөр келип, аялы ушундай болуп кетип калыптыр, чечимди биз чыгарабыз деди. Ошентип менин атыма каттатып коюшту… Биринчи аялынан эки уулу бар, бирөөсү чарчап калды, бирөө учурда студент.
Биз ал келинди таштап койбой өзүбүз эле карап, багып алат элек да. Жылан чакпай, жылкы теппей эле кетип калды. Баламдын 40 күн азасын күтпөстөн кетип калганына ичим ачышты. Кандай күндө болсо да үч балалуу болуп, чогу жашап келишти. Анын бул кылган жоругуна нааразымын!!!
— Ошол мамлекеттен берилген үй канча бөлмөлүү, Оштобу?
— Ооба
— Ошондо, Мирлан байкенин баласы менен жашап жатасызбы?
— Ооба
— Азыр мамлекет бербей жатат деп, нааразычылыкты күчөтүп жатат. Ошондуктан сизден да тактап алалы дегенбиз
— Бети жок да… Ага окшоп, мындай телевидениеге чыгып, элге жарыя болгум келбей жатат. Мен качан эле элге айтып коймокмун. Эл журттан, башкалардан сураса баардыгы айтып берет эле, кандай болуп кетип калганын. Мен азыр Ноокаттамын, балам үй-жай салып ошол жакта жүрөбүз, бул жактагылар да баары билет, аны бирөө кууп чыгарбагандан кийин, уялыш керек да! Өкмөттөн берилген үйгө, мен өзүм ылайыктуу болбой калдым. Андан кийин 2 миллиондон ашык компенсация акча берилди…
Балдарымдын атасы, Россияга кетип жоголуп кеткенине 15-20 жылга жакындап калды. Кыргызстанда өлдү деген кара кагазы жок болгондон кийин тирүү деп эсептелет экен, кагазын жоготуп жибергенбиз. Компенсация акчасы берилгенде «ушул келиним алсын бала-чакасы менен» деп ошол акчаны да бердирип койгом…
— Экинчи аялы деп жатасыз, экөөнүн ортосунда никелешүү тууралуу күбөлүгү бар беле?
— Экинчи аялынын никелешүү тууралуу күбөлүгү бар. Ошон үчүн ушундай кылып жатат окшойт да. Өкмөттүн берген 2 миллионуна эки жыл мурун эки бөлмөлүү үй келет болчу. Жакшы болсо инилерине камаз миндирип, апасына унаа алып алмаштырып бербей, балдарынын тагдырын ойлош керек болчу.
Маектешкен Мимоза Жанибек кызы