7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  

Курсы валют:

84,50
USD –0,06%
102,95
EUR +0,11%
1,18
RUB +0,66%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Баткен шаарына Имамназар Бурканов мэр болду, ал Арзыбек Буркановдун бир тууганы

274

Бүгүн 7-июнда Баткен шаарынын мэри болуп Имамназар Бурканов шайланды. Ал мэрлик кызматка жалгыз талапкерлигин койгон. 31 депутаттын баары анын талапкерлигин колдоп, бир да каршы добушсуз жаңы шаар башчысы тандалды.

Имамназар Бурканов 1965-жылы туулган, учурда жумушсуз. Шаардык кеңешти шайлоого «Ала-Тоо — кыргыз жери» партиясы менен 13-катарда барган. Эскерте кетсек, Баткен шаардык кеңешине  «Ала-Тоо — кыргыз жери», «Ынтымак», «Эмгек» жана «Жаңы Доор» партиялары шайлоодон өтүп келген.

Osoo.kg сайтында «Газпром-транзит», «ТабИмпЭкс Трэйд» жана «Сыйкыр Топурак» ЖЧКларында жетекчи экени жазылган. Имамназар Бурканов — Премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун бир тууганы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

275